# 391-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 391-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-391

---

1. Оңдоп-түзөөчү программа - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча программа.

2. Оңдоп-түзөөчү программанын мазмуну жана аны өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Адам ушул Кодекстин 70-беренесинде каралган укук бузууну бир жылдын ичинде эки жолу жасаган учурда, сот ушул Кодекстин 572-1-беренесинде белгиленген тартипте оңдоп-түзөөчү программадан өтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепетти колдонууга укуктуу.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-39)  
Кийинки берене: [392-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-392)
