# 390-берене. Товарларды (жумуштарды), кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027006)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=32061..32150>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 390-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-390

---

1. Ченөөдөн, салмактоодон, эсептен алдоо, –

жеке жактарга 165 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 510 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Тейлөө кепилдик мөөнөтүнөн, сапаты начар, ошондой эле талаптагыдай эмес сапаттагы азык-түлүк эмес товарларын окшош товарга алмаштыруудан баш тартуу же ал үчүн акча берүүдөн баш тартуу, –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 510 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Товарды сатып өткөрүүдө товарга чапталган таңгакта же ярлыкта көрсөтүлгөн баалардын өлчөмүн жогорулатуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Керектөөчүлөр үчүн товарларга (кызматтарга, жумуштарга) улуттук валютада баалар (тарифтер) жөнүндө маалыматтын жоктугу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2025-жылдын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

391-берене. Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу жана пайдалануу тартибин бузуу

Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу, жүгүртүү, текшерүү, калибрлештирүү же метрологиялык аттестациялоо, мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жайылтылган чөйрөлөрдө өлчөөлөрдү же алардын натыйжаларын пайдалануу шарттарын аткаруу эрежелерин бузуу, – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

392-берене. Товарды таңгактоо эрежелерин бузуу

Товарды таңгактоо же таңгакталган товарды сатуу (сатып өткөрүү) эрежелерин бузуу, – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [389-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-389)  
Кийинки берене: [393-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-393)
