# 39-берене. Атайын укуктан ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53975..54769>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 39-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-39

---

1. Адамга берилген атайын укуктан (транспорт каражаттарын башкаруу укугу, аңчылык кылуу укугу, лицензия ж.б.) ажыратуу аталган укукту пайдалануунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн кошумча укуктук кесепет катары колдонулат.

2. Адам бир жыл ичинде ушул Кодекстин 95, 131, 147, 427 жана 428-беренелеринде каралган укук бузууларды эки же андан көп жолу жасаган, ошондой эле бир жыл ичинде башка укук бузууларды үч же андан көп жолу жасаган учурда, атайын укуктан ажыратуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепетти колдонуу жөнүндө маселе демилгеленет.

3. Ушул Кодекстин 21-главасында жана 449-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн атайын укуктан ажыратуу тийиштүү берененин санкциясына ылайык дайындалат.

4. Адамды атайын укуктан ажыратуу мындай укукту берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Кодекстин 572-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [381-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-381)  
Кийинки берене: [391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-391)
