# 386-берене. Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келбеген продукцияларды жүгүртүү эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 386-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-386

---

1. Техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келбеген продукцияларды жүгүртүүдөн алып коюу, андан ары пайдалануу тартибин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген, жүгүртүүдөн алынган продукцияны кайра иштетүү, утилдештирүү же жок кылуу тартибин бузуу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [3851-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3851)  
Кийинки берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-387)
