# 3851-берене. Адал индустрия чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2026 года № 78 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046546)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53235..53554>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-3851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 3851-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3851

---

1. Айыл чарба жаныбарларын багууда жана союуда, ошондой эле алардан алынган продукцияны жана чийки затты өндүрүүдө, чогултууда, кайра иштетүүдө, даярдоодо, сактоодо, ташууда жана жүгүртүүгө чыгарууда адал продукцияга карата техникалык регламенттерде жана стандарттарда белгиленген талаптарды бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Адал продукцияны өндүрүүдө пайдаланылуучу айыл чарба жаныбарлары жана балыктар үчүн тоютка карата талаптарды бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Адал продукцияга карата техникалык регламенттерде жана стандарттарда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтерсиз адал продукцияны жүгүртүүгө чыгаруу менен байланышкан бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Адал кызмат көрсөтүүлөргө карата техникалык регламенттерде жана стандарттарда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтерсиз адал кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Адал продукциянын жана адал кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин тастыктоо жол-жоболорун жүргүзүү эрежелерин бузуу, адал продукциянын жана адал кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин тастыктоочу документтерди милдеттүү жол-жоболорду жүргүзбөстөн берүү –

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 1-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [385-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-385)  
Кийинки берене: [386-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-386)
