# 384-берене. Банкроттук процессиндеги мыйзамсыз иш-аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 384-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-384

---

Мүлктү же мүлктүк милдеттенмелерди, мүлк жөнүндө маалыматтарды, анын өлчөмүн, жайгашкан жерин же мүлк жөнүндө башка маалыматтарды жашыруу, мүлктү башка менчикке берүү, мүлктү ээликтен ажыратуу же жок кылуу, ага тете экономикалык ишти чагылдыруучу бухгалтердик эсепти жана башка эсептик документтерди жашыруу, жок кылуу, бурмалоо, эгерде бул аракеттер карызкор уюмдун жетекчиси же менчик ээси же жеке ишкер, администратор тарабынан банкроттук учурунда же банкротту алдын алууда жасалса, – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [383-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-383)  
Кийинки берене: [385-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-385)
