# 381-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 381-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-381

---

1. Укук бузууларды автоматтык режимде иштөөчү фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттары менен жазып алуу учурларын кошпогондо, ушул Кодекстин 182-берененин 4-бөлүгүндө, 185-беренеде, 187-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 188-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө, 192-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 193-берененин 3-бөлүгүндө каралган укук бузууларды бир календардык жылдын ичинде үч жана андан көп жолу жасаган транспорт каражаттарынын айдоочулары, жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүлөт.

2. Ыйгарым укуктуу орган фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар, автоматтык режимде иштөөчү, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарын же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттарын колдонуу менен жазылып белгиленген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасаган адамдарды аныктаган учурда жана бул укук бузуулар дал ошол транспорт каражатын башкарган адам тарабынан жасалганы аныкталганда (далилдегенде), ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 5711-беренесине ылайык, бул адамды жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүлөт.

Адам укук бузуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча укуктук кесепеттин бул түрүн аткаруудан баш тарткан учурда, транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган ошол адам жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырганга чейин мындай укукту убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алат. Эскертүү. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшыруу, транспорт каражаттарын башкаруу укугунун колдонулушун убактылуу токтотуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-38)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-39)
