Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
381-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 7-глава
1. Укук бузууларды автоматтык режимде иштөөчү фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар атайын техникалык каражаттар же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттары менен жазып алуу учурларын кошпогондо, ушул Кодекстин 182-берененин 4-бөлүгүндө, 185-беренеде, 187-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 188-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө, 192-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 193-берененин 3-бөлүгүндө каралган укук бузууларды бир календардык жылдын ичинде үч жана андан көп жолу жасаган транспорт каражаттарынын айдоочулары, жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу орган фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары бар, автоматтык режимде иштөөчү, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарын же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттарын колдонуу менен жазылып белгиленген, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасаган адамдарды аныктаган учурда жана бул укук бузуулар дал ошол транспорт каражатын башкарган адам тарабынан жасалганы аныкталганда (далилдегенде), ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 5711-беренесине ылайык, бул адамды жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүлөт.
Адам укук бузуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча укуктук кесепеттин бул түрүн аткаруудан баш тарткан учурда, транспорт каражаттарын башкаруу укугун берген орган ошол адам жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырганга чейин мындай укукту убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алат. Эскертүү. Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшыруу, транспорт каражаттарын башкаруу укугунун колдонулушун убактылуу токтотуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-381" title="381-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>