# 377-берене. Бажы контролунда турган товарларды жүктөө же башка операцияларды бажы органынын уруксатысыз же кабарлоосуз жасоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 377-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-377

---

1. Бажы контролунда турган товарларды түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) же башка жүк операциялары боюнча операцияларды жасоо же болбосо бажы контролунда турган ташылуучу товарларды ташуучу эл аралык жүк транспорт каражаттарын алмаштыруу, бажы органына билдирилбеген учурларда, эгерде мындай билдирүү милдеттүү болсо, –

эскертүүгө же болбосо жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Бажы контролунда турган товарларды түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) же башка жүк операциялары боюнча операцияларды жасоо, мындай товарлардан сынамык жана үлгү алуу, мындай товарлар турушу мүмкүн болгон жайларды же башка жерлерди ачуу, же болбосо бажы контролунда турган ташылуучу товарларды ташуучу эл аралык жүк транспорт каражаттарын алмаштыруу, бажы органына билдирилбеген учурларда, эгерде мындай билдирүү милдеттүү болсо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-376)  
Кийинки берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-378)
