# 372-берене. Товарды, анын ичинде электрондук соода товарын же транспорт каражатын мыйзамсыз орун которуштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.11.2025 [Закон КР от 6 ноября 2025 года № 253 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам таможенного регулирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034080); 16.06.2022 [Закон КР от 16 июня 2022 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112380)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=41030..41073>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 372-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-372

---

1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу товарды, анын ичинде электрондук соода товарын же транспорт каражатын орун которуштуруу:

1) (КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) бажы контролунан жашырынып өтүү, башкача айтканда жашыруун жайларды же болбосо товарларды таап алууну кыйындаткан башка ыкмаларды пайдалануу же бир товарды, анын ичинде электрондук соода товарын башка товардын, анын ичинде электрондук соода товарынын түрүнө айландыруу менен;

3) бажы максаттары үчүн зарыл документ катары бажы органына анык эмес документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, так эмес маалыматтар камтылган документтерди, же башка товарларга, анын ичинде электрондук соода товарларына, же болбосо транспорт каражаттарына тийиштүү документтерди берүү, ошого тете башка товарларга, анын ичинде электрондук соода товаларына же болбосо транспорт каражаттарына тийиштүү идентификациялоонун жасалма каражаттарын же болбосо идентификациялоонун анык каражаттарын пайдалануу;

4) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарды, анын ичинде электрондук соода товарын же транспорт каражатын декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, башкача айтканда бажылык максат үчүн керектүү болгон анык маалыматтарды белгиленген форма боюнча билдирбөө же болбосо товар же транспорт каражаты, алардын бажылык жол-жоболору жөнүндө же болбосо башка маалыматтарды билдирбөө, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Эгерде аларды ташып чыгууда ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагынан чыгарып кетүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарга, анын ичинде электрондук соода товарына же транспорттук каражатка карата ошол эле жосундар жасалса, -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-371)  
Кийинки берене: [3721-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3721)
