# 368-берене. Бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетпөө же болбосо товарларды кайтарып бербөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июня 2022 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112380)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283325..1283326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 368-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-368

---

1. Мурда алып келинген товарды же транспорт каражатын, эгерде мындай чыгарып кетүү милдеттүү болсо, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарын кетпөө же болбосо мурда алынып келинген товарды же транспорт каражатын, эгерде контрабанда белгилери жок болсо, белгиленген мөөнөттө мындай кайтарып берүү милдеттүү болуп саналса, Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына кайра кайтарып бербөө, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра чыгарып кетүүнү же кайра алып келүүнү тастыктоо катары анык эмес документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же болбосо башка товарларга жана транспорт каражаттарына тийиштүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-367)  
Кийинки берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-369)
