# 36-берене. Мүлктү убактылуу алып коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 36-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-36

---

1. Мүлктү убактылуу алып коюу соттун, ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде төмөнкү предметтерди жана башка буюмдарды мажбурлоо тартибинде жүзөгө ашырылат:

1) укук бузууну жасоонун каражаты, ошондой эле предмети (куралы) же объекти болуп саналган;

2) укук бузуу жасоонун натыйжасында алынган.

Мүлктү убактылуу алып коюу жөнүндө укук бузуулар жөнүндө протоколго белги коюлат.

2. Мүлктү убактылуу алып коюу жана аны андан ары жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин аны андан ары сактоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми сотторго ведомстволук караштуулуктагы иштер боюнча укук бузуулар жөнүндө протокол түзгөн орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Убактылуу алып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселе ушул Кодекстин 540-беренесинде каралган тартипте сот тарабынан чечилет.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-37)
