# 359-берене. Бажы органынын уруксаты жок товарларды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 359-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-359

---

1. Бажы контролунда турган товарды же транспорт каражатын бажы органынын уруксаты жок башка жактарга берүү (өткөрүп берүү) же болбосо аларды жоготуу, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Бажы контролунда турган товардын же транспорт каражатынын бажылык же башка документтерин жоготуу же кабыл алынгандарды Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирип бербөө, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Товарды, транспорт каражатын жана алардын документтерин жеткирип берүүнүн бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөтүн сактабоо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Бажы органы тарабынан белгиленген жерге бажы контролунда турган товарды же транспорт каражатын жеткирип бербөө жана алардын документтерин тапшырбоо, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [358-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-358)  
Кийинки берене: [360-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-360)
