# 358-берене. Товардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 358-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-358

---

1. Ташуучунун авария болгон же өзүнүн алы жеткис аракеттеринин учурунда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан белгиленген жерге жеткирүүгө кабыл алынгандардын же транзит аркылуу алынып өтүлгөн товарларды же транспорт каражаттарын сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү же болбосо аларды уруксат берилбеген колдонууга жол бергендиги, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ташуучунун авария болгон же өзүнүн алы жеткис аракеттеринин учурунда ошол иштердин жагдайлары тууралуу, Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген жерге жеткирүүгө кабыл алынгандардын же транзит аркылуу алынып өтүлгөн товарлардын, же транспорт каражатынын жайгаштырылган орду тууралуу билдирбегендиги, же болбосо жакынкы бажы органына аларды ташып жеткирүүнү камсыз кылбагандыгы, –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [357-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-357)  
Кийинки берене: [359-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-359)
