# 357-берене. Бажы чек арасынан өткөндүгү тууралуу кабарлабоо жана (же) маалымдамаларды (маалыматтарды) бербөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283333..1283334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 357-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-357

---

1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же болбосо транспорт каражаттарын алып чыгуу же алып келүү ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабоо, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Эгерде мындай кабарлоо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарында катталса, Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес кабарлоо, ага тете белгиленген жерге жана көрсөтүлгөн убакытта товарды же транспорт каражатын жеткирбөө, -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органына берилиши милдеттүү түрдө каралган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтарды алдын ала бербөө же өз убагында бербөө, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес маалыматтарды алдын ала берүү -

жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [356-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-356)  
Кийинки берене: [358-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-358)
