357-берене. Бажы чек арасынан өткөндүгү тууралуу кабарлабоо жана (же) маалымдамаларды (маалыматтарды) бербөө
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 39-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163
1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же болбосо транспорт каражаттарын алып чыгуу же алып келүү ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабоо, -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Эгерде мындай кабарлоо белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарында катталса, Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес кабарлоо, ага тете белгиленген жерге жана көрсөтүлгөн убакытта товарды же транспорт каражатын жеткирбөө, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Кыргыз Республикасынын бажы органына берилиши милдеттүү түрдө каралган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтарды алдын ала бербөө же өз убагында бербөө, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес маалыматтарды алдын ала берүү -
жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
357-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-357" title="357-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>