# 355-берене. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 355-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-355

---

1. Ички контроль тутумун уюштуруунун талаптарын бузуу (ички контроль программасын колдонуу, тобокелдикке багытталган мамилелерди колдонуу, кардарларды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу),-

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин айкындуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды жана жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдардын белгиленген талаптарын бузуусу,-

жеке жактарга 120 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 570 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Маалыматтарды жана документтерди сактоо боюнча талаптарды бузуу, –

жеке жактарга 140 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 590 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы тарабынан суралган маалыматтарды жана документтерди берүү тартибин жана мөөнөтүн бузуу, –

жеке жактарга 160 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 610 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык контролдоого жана кабарлоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү талаптарын, тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу, –

жеке жактарга 180 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 630 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча талаптарды бузуу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тыюу салынган аракеттерди жасоо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-354)  
Кийинки берене: [356-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-356)
