# 351-берене. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана отчет түзүүгө карата талаптарды сактабоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 351-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-351

---

1. Банктык эмес финансы рыногунун субъекттеринин жана алардын жетекчилеринин баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсепти каттоолорду, бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун план-эсептерин жана эсеп саясатынын башка документтерин кагаз жүзүндө, ошондой эле эсепке алуунун компьютерлештирилген тутуму түрүндө архив иши боюнча мыйзамдары, ошондой эле башка мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдүн ичинде талаптарды сактабоосу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ачык кызыкчылыктын, ири жана орто ишкердиктин субъекттеринин жана алардын жетекчилеринин баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсепти каттоолорду, бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун план-эсептерин жана эсеп саясатынын башка документтерин кагаз жүзүндө, ошондой эле эсепке алуунун компьютерлештирилген тутуму түрүндө архив иши боюнча мыйзамдары, ошондой эле башка мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдүн ичинде талаптарды сактабоосу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Коомдук кызыкчылыктын, ири жана орто ишкердиктин субъекттеринин бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштуруу талаптарын сактабоосу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Коомдук кызыкчылыктын, ири жана орто ишкердиктин субъекттеринин менчигинин түрүнө карабастан Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын сактабоосу, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [350-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-350)  
Кийинки берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-352)
