# 350-берене. Милдеттүү аудит боюнча талаптарды сактабоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 350-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-350

---

1. Юридикалык жактын милдеттүү аудиттин натыйжалары боюнча финансылык отчеттуулуктун толук комплектин аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого карата талаптарды бузуусу –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш болгон аудиттен өтүүчү юридикалык жактын милдеттүү аудитти жүргүзүүдөн качышы, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Коомдук кызыкчылыктын, ири ишкердиктин субъекти болуп саналган юридикалык жактын коомдук кызыкчылыктын субъекттерине аудит жүргүзүүгө жол берилген аудитордук уюмдардын милдеттүү аудит жүргүзүү жөнүндө талаптарын сактабоосу, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [349-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-349)  
Кийинки берене: [351-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-351)
