# 348-берене. Аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 348-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-348

---

1. Аудитордун, аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикмелердин аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Коомдук кызыкчылыктар субъектин, ири ишкердикти текшерүүгө жол берилген аудитордук уюм тарабынан жасалган ошол эле жосун, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмесинин баштапкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсептин каттоолорун, бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун жумушчу план-эсептерин жана эсеп саясатынын башка документтерин кагаз жүзүндө да, эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумунда алып жүрүүдө да архив иши боюнча мыйзамдар, ошондой эле башка мыйзамдар менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө сактоо боюнча талаптарды сактабоосу, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [347-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-347)  
Кийинки берене: [349-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-349)
