# 346-берене. Лотереялык жана оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 186 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112677)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.10.2023 [Закон Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 186 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112677); 30.06.2022 [Закон КР от 30 июня 2022 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам игорной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112384)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283334..1283338>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 346-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-346

---

1. Лотереялык компаниянын лотереялык иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу -

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Оюн-зоок ишин уюштуруучунун оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу, эгерде бул аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилерди камтыбаса, -

юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу -

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Оюн-зоок жана лотерея ишине контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына ишенимсиз (жалган) маалыматты же документтерди берүү, же болбосо маалыматты же документтерди берүүдөн баш тартуу -

лотерея ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Оюн-зоок жана лотерея ишине контролдуу жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук кылуу, ага тете лотерея жана оюн-зоок ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдары өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алардын талаптарын лотерея, оюн-зоок ишинин субъектисинин кызмат адамынын аткарбай коюшу же кароосуз калтырышы -

лотерея ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, оюн-зоок ишинин субъекттеринин кызмат адамдарына 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Лицензиясыз (уруксатсыз) оюн-зоок ишин уюштуруу үчүн жайларды берүү, -

жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-345)  
Кийинки берене: [347-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-347)
