# 343-берене. Камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу тартибин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 343-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-343

---

1. Камсыздандыруу уюмунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтеринин белгиленген чектик өлчөмдөрүн сактоо боюнча талаптарды камсыздандыруучу уюмдар тарабынан бузуу же аткарбоо –

юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптарды бузуу же сактабоо, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн (камсыздандыруу төлөмдөрүн) жүзөгө ашырбоо же өз убагында жүргүзбөө, –

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-342)  
Кийинки берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-344)
