# 34-берене. Укук бузуунун кошумча укуктук кесепеттеринин түшүнүгү, анын түрлөрү жана колдонуу шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2025 года № 214 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.10.2025 [Закон КР от 15 октября 2025 года № 214 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975); 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=37924..39425>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 34-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-34

---

1. Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери болуп жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо же жаза чараларын аткарууну камсыз кылууга багытталган мажбурлоо чаралары саналат.

2. Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери болуп төмөнкүлөр саналат;

1) туум;

2) мүлктү убактылуу алып коюу;

3) атайын токтотуучу жайларга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу;

4) транспорт каражатын башкаруудан четтетүү;

41) жол кыймылынын эрежелерин билүүсүнө квалификациялык экзамендерди кайра тапшырууга жөнөтүү;

5) атайын укуктан ажыратуу;

51) зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү;

52) электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр;

6) кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу;

7) иштин белгилүү түрүн токтотуу, объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо).

3. Укук бузуулардын кошумча укуктук кесепеттери жасалган укук бузуунун жагдайларына жараша колдонулат жана эгерде алар ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн (берененин бөлүгүнүн) беренесинин санкциясында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн.

4. Мүлктү алып коюу, адистештирилген унаа токтотуучу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же башка шаймандардын түрлөрүн колдонуу, транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү укук бузуунун кошумча укуктук кесепеттери, укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон куракка жеткенге чейин жеке жак жосун жасаган учурларда да колдонулат.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2024-жылдын 7-августундагы N 161, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-35)
