# 336-берене. Кармоочунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 336-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-336

---

1. Мыйзамдар менен белгилегенген документсиз баалуу кагаздар укугун эсепке алуу, анын ичинде баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин, депонун эсептерин жүргүзүү жана сактоо, укуктарды каттоо (келип чыгуу, өтүү, өзгөрүү, жүктөө жана токтотуп туруу) тартибин бузуу, –

юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Аны жок кылууга, уурдоого же материалдык зыян алып келүүчү башка кесепеттерге алып келген баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде камтылган маалыматтарды сактоонун же иштеп чыгуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрбөө, –

юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-335)  
Кийинки берене: [337-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-337)
