# 33-берене. Камак

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2025 года № 214 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об охране и защите от семейного насилия")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=37924..39425>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 33-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-33

---

1. Камак укук бузуучуну ички иштер органдары тарабынан аныкталган жайларда коомдон обочолонтуу шарттарында кармоодо турат жана он төрт суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.

Камакка алынгандарды кармоо жайы санитардык ченемдерге ылайык келүүгө жана кандайдыр бир ооруларга чалдыгуу (жугузуу) мүмкүндүгүн жокко чыгарууга тийиш. Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана анда адамдарды кармоо талаптары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Камак жеке жактарга карата укук тартибин калыбына келтирүү жана адамды тарбиялоо, ошондой эле бул адамдын өзү менен да, башка адамдар тарабынан дагы жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.

3. Камак сот тарабынан укук бузуу жасалган жери боюнча, ал эми өзгөчө же согуштук абал шарттарында – комендант тарабынан колдонулат.

4. Камакка алуу балдарга, элүү беш жаш курагынан ашкан аялдарга жана алтымыш жаш курагынан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жаш курагына чейинки баласы бар аялдарга, он алты жаш курагына чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткан жактарга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

5. Аскер кызматчыларына карата камак ушул Кодексте каралган учурларда беш суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.

Аскер кызматчылары гауптвахтада кармалат. (КР 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-34)
