# 321-берене. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 321-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-321

---

1. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу

- жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 5 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолудан ашык кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [320-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-320-1)  
Кийинки берене: [321-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-321-1)
