# 32-берене. Чет өлкөлүк жарандарды укук бузуу жасагандыгы үчүн чыгарып жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2026 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045011)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=47743..51920>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 32-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-32

---

1. Чет өлкөлүк жарандарды укук бузуу жасагандыгы үчүн чыгарып жиберүү – бул чет өлкөлүк жарандарды мажбурлоо, контролдоо менен Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып коюу.

2. Чет өлкөлүк жарандар, мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ошондой эле ушул Кодекстин 126-1 жана 126-2-беренелеринде каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылууга тийиш.

3. Чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгаруу сот тарабынан жаза чарасы катары дайындалат.

4. Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгып кетүүгө милдеттүү.

Эгерде чет өлкөлүк жаранга чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынып, ал соттун чечиминде белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпесе, ал чыгарууну уюштуруу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, бирок 30 суткадан ашпаган мөөнөттө адистештирилген борборлорго жайгаштырылууга тийиш, бул тууралуу аталган жакка аны чыгаруу жөнүндө соттун чечимин чыгарууда эскертилет. Чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу, адистештирилген борборлордун иштөө тартиби жана аларга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-311)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-33)
