# 319-1-берене. Фискалдык программалык камсыз кылууну колдонуу тартибин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-319-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 319-1-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-319-1

---

1. Фискалдык программалык камсыз кылуунун оператору тарабынан салык төлөөчүлөрдүн салыктык эсепке алуу максатында пайдалануучу жана белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылуунун белгиленген талаптарга ылайык келбеген өзгөртүүлөрдү киргизүү, эгерде бул аракетте кылмыш белгилери камтылбаса, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 10000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ишкердик субъект тарабынан белгиленген тартипте пайдаланууга уруксат берилбеген фискалдык программалык камсыз кылууну пайдалануу, анын ичинде фискалдык программалык камсыз кылууну каттоосуз иш жүргүзүү, эгерде бул аракеттерде кылмыш белгилери камтылбаса, -

жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-319)  
Кийинки берене: [320-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-320)
