# 318-берене. Накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу же контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283330..1283331>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 318-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-318

---

1. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталанып жасалса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти өткөрбөө, бербөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн контролдук-кассалык чекти берүү, –

жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

41. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 5 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

42. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолудан ашык кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Экономикалык ишти жүргүзүү үчүн ижарага берүүчү субъекттин же базарларда (кичи базарларда) жана соода борборлорунда (үйлөрүндө) соода орундарын берүүчү субъекттин ижарачыларга контролдук-кассалык машиналардын болушу жөнүндө талаптар менен камсыз кылбоосу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталанып жасалса, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [317-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-317-3)  
Кийинки берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-319)
