# 317-берене. Банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун ("QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонбоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 317-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-317

---

1. Соода ишин жүзөгө ашырууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө сатуучуларда (аткаруучуларда) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштөрдүн) жоктугу, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Соода ишин жүзөгө ашырууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө аларды кабыл алууга милдеттүү болгон сатуучулар (аткаруучулар) тарабынан банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тартуу, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3163)  
Кийинки берене: [3171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3171)
