# 317-2-берене. Субъект тарабынан ишкердик ишинде банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун жана/же жеке жак катары субъекттин өзүнө катталган накталай эмес төлөмдүн башка инструменттерин пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-317-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 317-2-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-317-2

---

1. Субъект тарабынан ишкердик ишинде банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-кодду) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) жана/же жеке жак катары субъекттин өзүнө катталган ишкердик иш менен байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн арналган накталай эмес төлөм инструменттерин колдонуу -

жеке же юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталанып жасалса -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жолудан ашык кайталанып жасалса -

жеке жактарга 130 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3171)  
Кийинки берене: [317-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-317-3)
