# 310-берене. Контрафакттык продукцияларды мыйзамсыз даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 310-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-310

---

Сатып өткөрүү максатында чыгармалардын же фонограммалардын, компьютердик программалардын же маалыматтар базаларынын контрафакттык нускаларын мыйзамсыз даярдоо, буга тете эле аларды сатып өткөрүү же болбосо сатып өткөрүү максатында сактоо – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

311-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тиешелүү документтерсиз өткөрүү

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укугуна ылайык таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү документтерсиз өткөрүү, эгерде товардын наркы төмөнкүдөй болсо:

1) 500000 сомдон аз -

жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

2) 500000 сомдон 1000000 сомго чейин -

жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

3) 1000000 сом жана андан көп -

жеке жактарга 2000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайра кайталанып жасалса, эгерде товардын наркы төмөнкүдөй болсо:

1) 500000 сомдон аз -

жеке жактарга 700 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

2) 500000 сомдон 1000000 сомго чейин -

жеке жактарга 1300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

3) 1000000 сом жана андан көп -

жеке жактарга 2500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 3500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуу жасалган учурда укук бузуунун түздөн-түз объекти болуп саналган өткөрүлүүчү товарлар ушул Кодексте белгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш. (КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3094-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3094)  
Кийинки берене: [3111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-3111)
