304-берене. Улуттук валютага түшүрүлгөн сүрөттөрдү пайдалануу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 33-глава
Өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы банкноталары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкноталарына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкноталарынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет.
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
304-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-304" title="304-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>