# 30-берене. Коомдук иштер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 30-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-30

---

1. Коомдук иштер укук бузуучунун негизги жумушунан же окуусунан бош болгон убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз иштерди аткаруусун түшүндүрөт.

2. Коомдук иштер сот тарабынан 8ден 40 саатка чейин, ал эми он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки балдарга 4төн 20 саатка чейинки мөөнөткө дайындалат.

3. Коомдук иштер элүү беш жаштан ашкан аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки балдары бар аялдарга, биринчи же экинчи топтогу майыптуулугу бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата колдонулбайт.

4. Түнкү убакта коомдук ишке тартууга тыюу салынат. Укук бузуучуну коомдук ишке тартууда укук бузуучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирүүчү ууландыруучу, радиоактивдүү жана башка заттар колдонулууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-31)
