# 296-берене. Баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдар менен операцияларды жүргүзүүдѳ мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 296-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-296

---

1. Баалуу металлдардан зергердик жана башка тиричилик буюмдарын жасоодо жана оңдоодо эсепке алууну жүргүзүү боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Баалуу материалдардан жана асыл таштардан буюмдарды жана сыныктарын сатууда жана сатып алууда мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабоо –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [295-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-295-1)  
Кийинки берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-297)
