2931-берене. Соода ишин жүзөгө ашырууда азык-түлүк товарларын берүү келишимин түзүү шарттарына карата ички соода жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 31-глава
1. Азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттен соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан айрым сандагы азык-түлүк товарларын сатып алуусуна байланыштуу соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъектиге төлөнүүчү сыйакынын жана бул товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ушул сыяктуу башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдүн, ошондой эле керектөөчү суроо-талапты изилдөөгө төлөмдүн жыйынды өлчөмүн сатып алынган азык-түлүк товарларынын баасынан 5 пайыздан ашык ашыруу же болбосо соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тизмекте көрсөтүлгөн социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн сатып алганына байланыштуу көрсөтүлгөн сыйакыны төлөө, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган субъект тарабынан азык-түлүк товарларын берүү келишиминин баасына ички соода жөнүндө мыйзамдарда каралбаган сыйакынын түрлөрүн киргизүү, же болбосо мындай келишимди тиешелүү бөлүгүндө аткаруу (ишке ашыруу), -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган субъект тарабынан азык-түлүк товарларын берүү келишиминде мындай товарларга акы төлөөнүн ички соода жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөн ашкан мөөнөтүн белгилөө, же мындай келишимди тиешелүү бөлүгүндө аткаруу (ишке ашыруу), -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект же азык-түлүк товарларын берүүнү жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан товарларды өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, көрсөтүлгөн товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, ушуга окшош башка кызмат көрсөтүүлөргө багытталган акысыз кызмат көрсөтүү келишимин (анын ичинде үчүнчү жактар менен), ошондой эле берүү келишимин түзүүдө жана (же) аткарууда (ишке ашырууда) башка келишимдерди түзүүгө жана (же) аткарууга мажбурлоо, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Соода түйүнүн уюштуруу аркылуу азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүзөгө ашырып жаткан чарба жүргүзүүчү субъект жана (же) азык-түлүк товарларын өндүрүүчү (даярдоочу) болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ички соода жөнүндө мыйзамдарда төлөмдү алуу, төлөмдү салуу же болбосо чыгымдардын ордун толтуруу боюнча тыюу салынган аракеттерди жасоо, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2023-жылдын 15-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2931-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-2931" title="2931-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>