# 293-берене. Соода ишин жүзөгө ашырууда монополияга каршы эрежелерди бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 293-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-293

---

1. Соода тармактарын уюштуруу аркылуу азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттин же соода тармактарына азык-түлүк товарларын жеткирүүнү жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттин Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишинде атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерден качуусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Соода тармактарын уюштуруу аркылуу азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттин же соода тармактарына азык-түлүк товараларын жеткирүүнү жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттин басмырлоочу шарттарды түзүүсү, анын ичинде товардык рынокко жетүү же башка чарбалык субъекттердин товардык рыноктон чыгуусу үчүн тоскоолдуктарды түзүүсү, ошондой эле монополияга каршы (атаандаштык) мыйзамдарда тыюу салынган шарттарды контрагентке таңуулоо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [292-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-292)  
Кийинки берене: [2931-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2931)
