# 290-берене. Бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 290-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-290

---

1. Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (социалдык маанилүү товарларга максималдуу бааларды, табигый монополиядагы субъекттердин товарларына, жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө баалардын (тарифтердин) деңгээлин жогорулатуу, белгиленген үстөктөрдү, монополияга каршы мыйзамдар жана ички соода жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген бааларга максималдуу үстөктөрдү жогорулатуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө бааларды (тарифтерди) төмөндөтүү, ички соода жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген бааларга карата белгиленген минималдык үстөктөрдү төмөндөтүү, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-289)  
Кийинки берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-291)
