# 288-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдардын тобунун) атаандаштыкты чектеген макулдашууну (картелди) түзүү же атаандаштыкты чектөөчү макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 288-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-288

---

1. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдардын тобунун) атаандаштыкты чектеген жана монополияга каршы мыйзамдарга ылайык жол берилбеген макулдашууларды (картелдерди) түзүүсү же макулдашылган аракеттерди жүзөгө ашыруусу, ага тете атаандаштык рыногун талдоонун жыйынтыгы боюнча белгиленген мезгил үчүн тиешелүү товардык рынокто атаандаштыкты чектөөгө алып келген кандай болбосун башка макулдашууларды түзүүсү, –

юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын өлчөмүнөн бирден он бешке чейин, же болбосо административдик укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдарынын суммасынын өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Монополияга каршы мыйзамдарга ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттин «вертикалдуу» макулдашууну түзүүсү же болбосо ага катышуусу –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга – укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын бир жүздүктөн баштап беш жүздүккө чейин өлчөмүндө, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдарынын суммасынын өлчөмүндө, эгерде укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасы, же болбосо укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга чыгымдарынын суммасы укук бузуучунун бардык товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын биргелешкен өлчөмүнүн 75 пайызынан ашса же товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу мыйзамдарга ылайык жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) боюнча жүзөгө ашырылган укук бузуу жасалган рынокто, – укук бузуу жасалган рынокто укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн пайдасынын суммасынын эки миңдиктен баштап эки жүз миңдикке чейин өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Жүгүртүү айып пулунун суммасынын эселигин эсептөөдө ушул Кодексте жана/же укук бузуунун көрсөтүлгөн чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралган жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар эске алынат.

---

Мурунку берене: [287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-287)  
Кийинки берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-289)
