270-берене. Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүүнүн, сатуунун жана колдонуунун тартибин бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 28-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103
1. Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун, даярдоонун, жүгүртүүнүн, сатуунун жана колдонуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин, тартибин жана талаптарын бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугу боюнча техникалык регламенттерди бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
270-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-270" title="270-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>