# 27-берене. Жаза чарасы түшүнүгү жана анын максаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 27-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-27

---

1. Жаза чарасы укук бузуу жасагандыгы үчүн мамлекет тарабынан колдонулуучу таасир этүүчү чара болуп саналат.

2. Жеке жакка карата жаза чарасы укук тартибин камсыз кылуу, Конституцияны жана ченемдик укуктук актыларды сактоо, ошондой эле ошол адамдын өзү жана башка адамдар тарабынан дагы жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.

3. Жаза чарасы юридикалык жакка карата укук тартибин калыбына келтирүү жана ошол юридикалык жактын өзү менен дагы, башка жактар тарабынан да жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-28)
