# 261-берене. Мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кармоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 261-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-261

---

1. Олуттуу эмес зыян келтирген мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кармоо, анын ичинде балык же болбосо суу жаныбарларын кармоо –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Урук таштоочу жерлерде же алардын баруучу миграциялык жолдорунда жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул беренеде олуттуу эмес зыян деп укук бузуу жасалган учурда мыйзамдарда белгиленген 10дон 100гө чейинки эсептик көрсөткүч түзгөн материалдык (мүлктүк) залал эсептелет.

---

Мурунку берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-260)  
Кийинки берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-262)
