# 26-берене. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимдерин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 26-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-26

---

1. Адамдын укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирген жосуну, эгерде ал кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимин аткаруу максатында жасалса, укук бузуу болуп саналбайт.

2. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын чечимдери, эгерде алар мыйзамдарда белгиленген тартипте жана алардын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү адам же коллегиялуу орган тарабынан берилсе, мыйзамдуу болуп саналат.

3. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамсыз чечимин аткаруудан баш тартуу укук бузуу болуп саналбайт.

4. Адам мыйзамсыз чечимди аткаргандыгы үчүн бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган менен бирдей жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

5. Эгерде адам кабыл алынган чечимдин мыйзамсыз мүнөзүн аңдап билбесе жана түшүнө албаса, анда укук бузуу үчүн жоопкерчиликти бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган гана тартат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-27)
