# 257-берене. Жаныбарлар байыр алган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 257-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-257

---

257-берене. Жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды бузуу

1. Жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды, алардын көбөйүү шарттарын жана жаныбарлардын миграция жолдорун бузуу, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык корголгон же болбосо Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлардын түрлөрүнүн жашоо чөйрөсүнө, көбөйүү шарттарына же миграция жолдоруна карата жасалган, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жаныбарларды жер которуштуруу, акклиматташтыруу же болбосо аргындаштыруу, генетикалык жактан өзгөрүлгөн организмдерди чыгаруу же пайдалануу тартибин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Жапайы айбанаттардын өлүшүнүн, алардын байыр алган чөйрөсүнүн начарлашынын алдын алуу же жаныбарлар дүйнөсүнө тийгизүүчү терс таасирлерди жок кылуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-256)  
Кийинки берене: [258-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-258)
