# 251-берене. Менчигинин түрүнө карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 251-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-251

---

1. Жайытты пайдаланууга ылайык эс алууга бөлүнгөн табигый жайыт жерлеринде белгиленген мөөнөттөн мурда мал жаюуну, ошондой эле тиешелүү уруксаты жок табигый жана маданий жайыттар аркылуу мал айдоону билдирген менчигинин түрүнө карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Менчигинин түрүнө карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыттарда өсүп турган чөптөр аркылуу автомобиль, трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтүү –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-250)  
Кийинки берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-252)
