# 250-берене. Сууну бөлүштүрүү, суу ресурстарын алуу эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2025 года № 36 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022236)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=25922..26794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 250-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-250

---

1. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн суу жеткирүү кызматтарына суу пайдалануучунун өз убагында төлөө боюнча милдеттерди аткарбоосу жана/же төлөөдөн качуусу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды суу пайдалануучунун мыйзамдарга ылайык белгиленген тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча пайдалануусу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 290 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Суу пайдалануучунун суу пайдалануунун көлөмүн суу жеткирүүчүнүн уруксат берген көлөмүнөн ашыруусу -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [249-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-249)  
Кийинки берене: [251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-251)
