250-берене. Сууну бөлүштүрүү, суу ресурстарын алуу эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 27-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2025 года № 36
1. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн суу жеткирүү кызматтарына суу пайдалануучунун өз убагында төлөө боюнча милдеттерди аткарбоосу жана/же төлөөдөн качуусу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды суу пайдалануучунун мыйзамдарга ылайык белгиленген тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча пайдалануусу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 290 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Суу пайдалануучунун суу пайдалануунун көлөмүн суу жеткирүүчүнүн уруксат берген көлөмүнөн ашыруусу -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
250-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 февраля 2025 года № 36 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
10.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Суу бөлүштүрүү кошулду: Сууну бөлүштүрүү, суу ресурстарын алуу эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу
1. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди алынып салынды: сугаруу кошулду: сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана алынып салынды: суу кошулду: сууну пайдалануу эрежелерин алынып салынды: бузуу, –
кошулду: бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. алынып салынды: Суу пайдалануучунун калктуу кошулду: Калктуу конуштардын алынып салынды: ичинде кошулду: ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди алынып салынды: сугаруу кошулду: сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн суу алынып салынды: берүү кызматына кошулду: жеткирүү кызматтарына суу пайдалануучунун өз убагында алынып салынды: акы төлөө боюнча милдеттерди аткарбоосу жана/же алынып салынды: акы төлөөдөн качуусу алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
кошулду: 3. Жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды суу пайдалануучунун мыйзамдарга ылайык белгиленген тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча пайдалануусу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 290 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Суу пайдалануучунун суу пайдалануунун көлөмүн суу жеткирүүчүнүн уруксат берген көлөмүнөн ашыруусу -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-250" title="250-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>