# 2451-берене. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды бербөө, жашыруу же бурмалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2025 года № 36 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022236)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=25922..26794>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-2451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 2451-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2451

---

Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле аны булгоонун булактары жана көлөмдөрү жөнүндө маалыматты бербөө, жашыруу же бурмалоо, калдыктарды жайгаштыруу, булгоочу заттарды ченемден ашыкча чыгаруу жана таштоо жөнүндө фактыларды жашыруу же зыяндуу экологиялык кесепеттерге алып келген авариялар жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн булгоонун деңгээли жөнүндө маалыматты бурмалоо - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-245)  
Кийинки берене: [2452-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2452)
