243-берене. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 27-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2025 года № 36
1. Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды куруу тартибин бузуу –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Пайдалуу кендер чыккан жерлерди сарамжалдуу пайдалануу талаптарын бузуу –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Маркшейдердик документтерди жоготуу –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү эрежелерин бузуу –
жеке жактарга 130 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Мунай же газ бургулоочу скважиналарда, кен чыккан жерлерде же болбосо мунай заттарын, ууландыруучу, башка жарылгыч же уулуу заттарды ташууда өрттүн, кырсыктардын алдын алуу же аларды жоюу эрежелерин бузуу –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Жер казынасын пайдалануунун атайын шарттарын бузуу –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
243-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-243" title="243-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>