# 242-берене. Жерге жайгаштыруу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 апреля 2022 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112359)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283323..1283324>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 242-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-242

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жерге жайгаштыруу долбоорлорунун жоболорун бузуу -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Товардык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн айыл чарба багытындагы жер участокторун пайдалануу тартибин бузуу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-241)  
Кийинки берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-243)
